Сүрөттүн автору Махабат Садырбек

Жарлык тууралуу
Ажонун той-аштарда ысырапкерчиликти чектөө, ирээтке келтирүү жана калкка кеңири түшүнүк берүү боюнча Жарлыгы азыркы учурда кыргыз коомунда өтө көп талкууланып жаткан учуру. Бул Жарлыкты башта калктын көпчүлүк бөлүгү жылуу кабыл алды. Бирок азыркы учурда эл арасында «өлүм-житимде мал союууга тыйуу салынат экен, дасторкон жайылбайт экен» деген сыяктуу ар кандай сөздөр чыгып, эки жаат жаакташып жатканын да жашыра албайбыз. Бирок Жарлыкта мал сойууга тыйуу салуу боюнча эч кандай сөз айтылган эмес. Мына ошондуктан аталган Жарлыктын маани-маңызын толук түшүнүп, анан сөз сүйлөө максатка ылайыктуу болот…
Эл арасында өлүм-житимде мал сойууга тыйуу салуу маселеси кайдан чыкты? Акыркы учурларда аза күтүү тойго айланып, той ашыкча ысырапчылык менен ымалашып, ысырап жакырчылыкка алып келгени баарыбызга белгилүү. Бул да болсо ар бир жарандын жеке жоопкерчилигинин жоктугу десек жаңылышпайбыз. Жарлыкта мына ошого окшогон беймаани, бейадеп, салтты бузган жамандык-жакшылыктагы ар кандай жөрөлгөлөрдү ирээтке келтирүү, ашыкча чыгым сарптабоо, ысырапкерчиликти алдын алуу жана болтурбоо деген сыяктуу жакшы баалуулуктар баяндалыптыр. Жарлыктын максаты, ниети жакшы эле көрүнөт. Ошондуктан бул Жарлык түшүндүрүү жана жергиликтүү механизмдер менен байланышса, анда калкыбыздын баары эле колдойт жана ажобузду коштойт деген ойдомун.

Жарлыкты коштогон фатва
Кыргызстан мусулмандары дин башкармалыгы ажонун Жарлыгын улай (колдоп) диний-шарияттык негизге таянып, фатвасын чыгарып, өзүнө тиешелүү милдетин аткарды. Ал фатванын алгачкы бөлүгү маселенин диний-шарияттык негизин, далилин келтирип, шилтеме берип, шарияттык жолун айтып, андан соң бир нече тыйууларды жана сунуштарды берген. Бул фатва маселенин диний бир себебин, маңызын жана жолун айтты. Бирок, мамлекетибиз дүйнөбий (светтик) болгон үчүн, ал фатванын укуктук күчү жок. Ким кааласа ал фатвадагы айтылган тыйууларды эске алат, сунуштарды аткарат, ишке ашырат, каалабаса көңүлүнө албайт. Бул ар бир жарандын диний иденттүүлүгүнө, диндарлыгына жараша болот жана буга да эч ким тыйуу сала албайт.
Эгер баштагы берилген суроонун жообуна келсек, бул ушул гана фатвага таянылган кеп-сөздөр экенин баамдасак болот. Себеби Жарлыктын маани-мазмунунда тыйуу салуу жөнүндө бир да сөз айтылбайт. Аталган Жарлыкты элге түшүндүрүү жана ишке ашыруу боюнча жергиликтүү бийликтен баштап, борбордогу жогорку кызматтагыларга чейин тапшырмалар берилди. Бирок айрым жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Жарлыкка караганда фатвага көбүрөөк маани берип, ошону элге таңуулап жатканы байкалып турат. Комиссияга бир молдокени кошуп алып, карапайым элди «Бул динибизде жок, тигил арам, бул арам, ал болбойт!» ж.б. деген сыяктуу сөздөр менен коркутуп, жыйналыш-талкууларда элди көп нерсеге макулдук бердиртип жатат. Мисалы Ноокен райондук бийлик өкүлдөрү буга байланыштуу чечим кабыл алышканы коомчулукка жарыяланды. Бул чечимге ылайык эгер чечимдерди аткарбаган жарандар болсо, 200 миң сом айып пул салынары жана чара көрүүлөрү айтылат. Бул аша чапкандык. Мыйзам менен бекитилбеген жорук кылмыш эмес. Анын үстүнө 2021-жылдын 5-майында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Башмыйзамына каршы келет.

Башмыйзамдагы укуктар
Башмыйзамда адам укуктары жана эркиндиктери боюнча 23-берене боюнча төмөнкү пунктарды көңүлгө алып көрөлү:
3. Адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин чектеген мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга тыюу салынат.
4. Конституцияда каралгандан башка максаттарда жана андан ашкан деңгээлде адамдын укуктарына жана эркиндиктерине мыйзам менен чектөө коюлушу мүмкүн эмес.
5. Конституцияда белгиленген адамдын укуктары жана эркиндиктери эч кандай чектөөгө жатпайт.
6. Тыюу салуулар боюнча Конституцияда белгиленген кепилдиктер эч кандай чектөөгө жатпайт.

Ал эми 40-берене боюнча «Ар бир адам өзүнүн мүлкүнө, өз ишмердигинин натыйжаларына ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө укуктуу». Демек, Башмыйзамда адамдын укуктарын жана эркиндиктерин чектөөгө эч кандай тыйуу салынбайт. Андан тышкары ар бир адам өзүнүн жеке мал-мүлкүн каалагандай сактай алат, пайдалана алат, сата алат, корото алат, алмыштыра алат, тарката алат, тескей алат, кредит алыш үчүн күрөөгө коё алат ж.б. ушул өңдүү түшүнүктөр ортого чыгат. Андыктан жарандын бул укук жана эркиндигин чектеген кайсы бир мыйзам, токтом, жарлык, жобо жана башка мыйзамдык актылар Башмыйзамга каршы келип калган болсо, мыйзамдардын иерархиясына жараша Конституция түз иштейт. Андыктан жергиликтүү бийлик өкүлдөрү өзүм билемдиике салып, салттуу иш-чаралардын өткөрүү тартиби жана аткарылышы боюнча мыйзам болбогон соң, аны жөнгө салып, чектөөлөрдү киргизүүгө Республиканын Башмыйзамы жол бербейт.

Ысырапкерчиликти ооздуктоо чаралары 
Ооба, беймаани, бейадеп, салтыбызга да динибизге да, социалдык-экономикалык абалыбызга да туура келбеген ашыкча ысырапкерчилик бар. Бирок муну тыйуу салуу жолу менен эмес, жергиликтүү калктын өз ара сүйлөшүү/кеңешүү жолу менен чечсе болот. Айтмакчы, ар бир аймакта, айылда аксакалдар кеңеши жана соту, айылдык кеңеш, жаштар уюму, мечит деген сыяктуу коомдук институттар бар. Мына ошолор менен ийри отуруп, түз кеңешип, элдин дагы ой-пикирин эске алып, орток чара тапса болот. Ал үчүн ар бир жаран жеке жоопкерчиликти сезе билүү менен бирге, кабыл алынган чечимдерди аткарууга тийиш. Аткарбайбы ал өзүнүн жеке иши жана ага мамлекет тарабынан юридикалык баа берип, айып пул чегериштин кажети да, укуктук мааниси да жок. Ал үчүн жергиликтүү эл кабыл алынган чечимди аткарбаган жаранга салттык-маданий “бойкот” жарыялап, жамандык-жакшылыгына барбай койсо болот. Муну ишке ашырууда жогоруда аталган коомдук институттар жана эң негизгиси жеке жарандын абийри жана жоопкерчилиги өзгөчө маанилүү. Бул факторлор колунда жок жарандын ашыкча ысырапка барганы же саап ичкен жалгыз уйун шыкакчылар жыга чаап, соё турган учурда да башкы ролду ойнойт. Башкача айтканда эл өзүн-өзү түшүнүү жана түшүндүрүү жолдору менен тарбиялай алат. Маселен, айрым айылдарда ажонун Жарлыгы, муфтияттын фатвасы чыга электе эле тургундар өз ара кеңешип, ичимдиктикердин сатылышын токтотуу, ысырапкерчиликти алдын алуу жана болтурбоо боюнча чечимдерди калып алышат. Мына ошол айылдарда бүгүнкүдөй эч кандай мамлекеттин кийлигишүүсү жок эле салттык иш-чаралар уюштурулуп, тыйуу салынган одоно адаттар четтитилип, макулдашылган эрежелер сакталып келе жатат. Жарлыктан мурун ушул сыяктуу механизмдер иштелип чыгып, көпчүлүккө сунушталса, анда калк ичинде ажырым да аз болмок. Болбосо бул маселеде кабыл алынган чечимдер көбүрөөк Жарлыктын эмес, фатванын таасири астында кабыл алынып жаткандай ой калтырат экен…

Aвтор: Арсланбек КЕНЖЕТЕГИН
Ондокуз Майыс Университетинин Коомдук Илимдер Институнун Философия жана Дин Билимдери бөлүмүнүн докторанты (PhD). Самсун шаары, Түркия

1 comment
Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

You May Also Like

Махабат Садырбек, активист: «Чырак» санариптик окутуу долбоору тууралуу

Караңгыда жарык берген чырак Учурда «Чырак» окутуу долбооруна катталуу жүрүп жатат. Бул…

Гапыр Мадаминов, мугалим: Куржундун бир жагына китеп, бир жагына кетмен салып иштедим

Билим баалуулугу түбөлүктүү 1990-жылдары Союз тарап, бардыгы эптеп турмуш өткөзүүнү ойлоп, мектеп…

Германиядагы орто кесиптик билим (Ausbildung)

Аусбилдуңга чейин Германияга жыл сайын жүздөгөн жаштар дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүнөн Au-pair,…

Германия кыргыз эмгек мигранттары үчүн альтернатива боло алабы?

Орус-Украин согушунун улам пайда болгон кырдаалда саясий аренада жана коомчулукта көп адамды…