Саламатсызбы Назира, бүгүн мен сиз менен Түркиядагы медицина тармагы тууралуу маектешким келип жатат. Бирок ага чейин өзүңүз жөнүндө бир аз токтоло кетсеңиз.

— Бул темага кызыгып жатканыңыз үчүн рахмат, Махабат. Мен Бишкек Гуманитардык Университетинин Чыгыш Таануу жана Эл Аралык Экономикалык Байланыштар бөлүмүн аяктагам, корей тилин үйрөнгөм. Бир нече жыл бою  Ооганстандагы америкалык «Баграм» аскер базасында иштегем. Ал жактан жолдошум менен таанышып калдым, кийин Түркияга көчүп кеттик. Эки уулубуз бар, алты жылдан бери Анталияда жашайбыз. Мен өзүмдү кыймылсыз мүлк, туризм тармагында сынап көрдүм жана акыркы эки жылдан бери медициналык туризм тармагында иштеп келе жатам.

Окурмандарыбыз үчүн Түркиядагы медицина тармагы боюнча жалпы маалымат бере аласызбы?

— Түркиянын медицина тармагы дүйнөдө жогорку деңгээлде таанылган жана медициналык жардамдын квалификациясы, медициналык кызматтардын сапаты боюнча дүйнөлүк рейтингде 10-орунда турат. Өлкө саламаттыкты сактоо тармагында Америкалык стандарттарды карманат жана өлкөнүн медицинасынын мыкты сапаты эл аралык сертификаттар менен тастыкталган. Бул өлкөнүн өкмөтү медицинаны өнүктүрүүгө чоң каражат жумшайт: Түркиянын ИДПсынын 10% медициналык технологияларды жакшыртууга жумшалат. Медициналык туризм тармагын жарнамалоого жана өнүктүрүүгө гранттар берилет. Бул жакта жыл сайын жаңы ооруканалар жана клиникалар салынат. Ал гана эмес, түрк элдери үчүн жилик чучугун алмаштыруу маселесин тез арада чечүү боюнча «TÜRKÖK» жилик чучугу донордук банкы да түзүлгөн. Гематологиялык, онкологиялык ооруларды дарылоо жана диагностикасы эң заманбап медициналык жабдуулары менен бейтаптар үчүн абдан ыңгайлуу жана жогорку деңгээлде натыйжалуу жүргүзүлөт.

Түркия акыркы 10-15 жылда медициналык туризмдин эл аралык борборуна айланганын билебиз. Дүйнөнүн төрт бурчунан Түркияга атайын дарыланууга кеткендер көбөйүүдө. Түрк медицинасы башка өлкөлөрдөн эмнеси менен айырмаланат? Түркияда дарылануу дүйнөнүн бардык элдерин, тагыраак айтканда, Кыргызстандыктарды эмнеси менен тартып турат?

—Түркия башка өлкөлөрдөн, мисалы, Швейцариядан, Германиядан же Израилден баанын жеткиликтүүлүгү менен, ал эми КМШ өлкөлөрүнөн жогорку технологиялары, кесипкөй кызматкерлери, ооруканалардын жакшы жабдылышы, мамлекеттин өзүндө өндүрүлгөн, стандарттарга туура келген дарылардын сапаты, жалпысынан ыңгайлуу тейлөөсү менен айырмаланат. Ооба, биз үчүн, түрк тектүү Борбор Азия өлкөлөрүнүн элдери үчүн Түркия ар дайым жакыныраак жана ыңгайлуураак.Түркияда чет элдик жарандар үчүн дары-дармекке акы төлөнөт жана туристтердин Түркияда дарылануусу көп чыгымга учурайт. Ооруканага түшкөндө, төлөм күнүнө 300 доллардан 500 долларга чейин болушу мүмкүн. Белгилүү бир суммада төлөнө турган камсыздандыруу полистери бар.

Эми медициналык туризм тармагындагы ишмердүүлүгүңүзгө өтсөк – баары эмнеден башталды?

— Мунун баары менин курбум, Динара Колдошеванын Анталияга келген бейтаптардын күнүмдүк жашоосун уюштурууга жардам берүү сунушунан башталды. Динара Колдошева – «Air Medi Travel» туристтик компаниясынын жетекчиси жана Түркия менен Индиянын жогорку класстагы клиникалары менен кызматташып, 5 жылдан ашык медициналык туризм менен алектенет. Ал аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн социалдык долбоорлорду ишке ашырып, облустардагы ооруканаларда кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында, Кыргызстандык дарыгерлерге окуу долбоорлорун жана семинарларды барып өткөрүп жүрөт.

Кыргызстандан кандай бейтаптар контингенти келет жана кайсы ооруканаларда дарыланышат?

— Динара бейтаптарга жардам көрсөтүүдө ыктыярчы катары кайрымдуулук иштерин жасап, клиникалардан арзандатууларды сурангандыктан, контингент таптакыр башка, негизинен аз камсыз болгон үй-бүлөлөр. Көптөр анын ишмердүүлүгүн билип, түшүнүү менен жардам беришет. Бардык бейтаптарды бир гана каалоо бириктирет, бул – натыйжалуу дарылануу жана ооруну жеңүү. Мыкты клиникаларды баары тандашат, антпесе баруунун мааниси жок.

Дароо суроо туулат, дарылоо канча турат? Бир нече мисалдарды келтирип, катышып жүргөн координатор катары ооруларды дарылоого кеткен болжолдуу чыгымдарды атай аласызбы?

— Баалары таптакыр ар башка жана ал оорунун деталдарынан, диагностика үчүн анализдердин жыйынтыгынан, андан кийинки дарылоодон же операциядан көз каранды. Баары абдан жекече каралган. Бейтаптарга ыңгайлуу болушу үчүн «экинчи медициналык корутунду» кызматы бар. Бул учурда, түрк дарыгери колдо болгон медициналык корутундунун негизинде, болжолдуу диагностикалык планын, болжолдуу баасын жана өлкөдө боло турган керектүү мөөнөтүн белгилеп берет. Муну келгенге чейин талкуулап, чечип алса болот.

Түшүнүктүү. Менин билишимче, Назира абдан жоопкерчиликтүү жана коомдук инсан. Бир нече жылдан бери «Добра Ассоль Молдокматова» башкы кеңсесинин Анталиядагы филиалынын өкүлү болуп, ар кандай маданий иш-чараларды өткөрүп келесиз, Кыргызстандын Анталиядагы убактылуу консулуна жардам берип турасыз, ар бейшемби сайын ыктыярчылык негизде, жергиликтүү гинекологдордун Instagram ж.б. консалтинг иштерине котормочу катары катышып турасыз. Долбооруңуз тууралуу бир нече сөз айта аласызбы? Ал эми убактыңызды, күчүңүздү кантип бөлүштүрөсүз, кайрымдуулук иштерин бизнес менен кантип айкалыштыра аласыз?

—Туура айтасыз, Махабат. Менин иш-чараларыма көңүл бурганыңыз үчүн ыраазымын. Ассоль Молдокматованын жана Анталия мэриясынын колдоосу менен биздин диаспора дагы 2018-жылы Анталия шаарында, Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын уюштурду. Ошондон кийин бул салтка айланып калды: жыл сайын 31-августта Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн жана улуу жазуучунун мааракесин белгилейбиз. Быйыл кыргыз ырчысы Анжеликанын жана Караколдон келген бий тобунун катышуусунда Аланияда майрамды жаркын маанайда өткөрдүк. Конокторубуз Крымдан, Ирандан, Казакстандан келген өкүлдөр болду. Эң негизгиси, бул – пикирлеш адамдардын командасы жана долбоорго болгон жалпы кызыкчылык. Ошондо бардык нерсеге убакыт таап, эс ала аласыз. Үй-бүлө мен үчүн эң башкы жана негизги орунда, энергияны болсо Анталиянын жаратылышынан алам. Мен ошондой эле долбоорлордун өздөрүн ишке ашыруудан чоң ырахат алам, бул ыктыярдык жана кайрымдуулук ишинин бир түрү.

Мага сиздин конструктивдүү сыныңыз жана көз карашыңыз дайыма жагат, андыктан, Кыргызстандын медицина тармагындагы реформаларына кандай баа бересиз жана биздин жетекчилик жарандардын саламаттыгы үчүн эмне кылышы керек деп сурабай коё албайм?

— Мен медицинада эч кандай реформаны көрбөй турам, жада калса орундарды алмаштыруудан да тейлөө сапаты эч жакшырбайт. Өлкөдө, кала берсе, улуттук камсыздандыруу системасы, анын институционалдык түзүмү, камсыздандырууну жөнгө салуу механизми жана башка маселелер да каралбайт. Өлкө жакын макроэкономикалык шартта болбогондуктан, камсыздандыруу түзүмдөрүн өнүктүрүү оң натыйжа берери күмөн. Ошондуктан мамлекетке жана медицинанын тармак катары тез арада өнүгүп кетүүсү боюнча токтоосуз чечим болооруна ишенүүнү токтотууга мезгил жетти. Анын үстүнө, мамлекет жетекчилеринин чет өлкөгө дарыланууга кетип жатканы, бүгүнкү күндөгү биздин медицинанын абалын тастыктап турат. Пандемия биздин медициналык мекемелердин бардык ички көйгөйлөрүн ачыкка чыгарды. Мындай кырдаалда Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Билим берүү министрлиги, дени сак улутту калыптандыруу үчүн маалыматтык сабаттуулукту өнүктүрүү боюнча максаттуу жана координацияланган иштерди жүргүзүүсү зарыл. Келечек муундардын саламаттыгы үчүн аз болсо да, гигиена жана туура тамактануудан баштап, каалабаган кош бойлуулуктун алдын алуу, биринчи жардам көрсөтүү, үйдө, мектепке чейинки жана мектеп мекемелеринде сапаттуу тамактануу менен, сергек жашоо образы боюнча сабактарды киргизүүнү баштоо зарыл. Балдардын сергек жашоо образына терең маани берүүсү менен бирге, финансылык ресурстарды туура бөлүштүрүүнү жана ашыкча чыгымдардан алыс болууну үйрөтүү үчүн, финансылык сабаттуулук боюнча сабактарды киргизүү керек, анткени ар бир адамдын ден соолугу биринчи кезекте өзүнөн көз каранды, ошондой эле жетиштүү дарылануу мүмкүнчүлүгү да кайра эле адамдын өзүнөн көз каранды.

Кызыктуу маек куруп бергениңиз үчүн рахмат Назира, сизге бардык жакшылыктарды, ийгиликтерди каалайм!

Маектешкен Махабат САДЫРБЕК

Оригиналы орус тилинде

Которгон Нургүл Чоюбекова
Корректор Жанара Жапарова

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

You May Also Like

Махабат Садырбек, активист: «Чырак» санариптик окутуу долбоору тууралуу

Караңгыда жарык берген чырак Учурда «Чырак» окутуу долбооруна катталуу жүрүп жатат. Бул…

Гапыр Мадаминов, мугалим: Куржундун бир жагына китеп, бир жагына кетмен салып иштедим

Билим баалуулугу түбөлүктүү 1990-жылдары Союз тарап, бардыгы эптеп турмуш өткөзүүнү ойлоп, мектеп…

Германиядагы орто кесиптик билим (Ausbildung)

Аусбилдуңга чейин Германияга жыл сайын жүздөгөн жаштар дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүнөн Au-pair,…

Германия кыргыз эмгек мигранттары үчүн альтернатива боло алабы?

Орус-Украин согушунун улам пайда болгон кырдаалда саясий аренада жана коомчулукта көп адамды…