Сүрөт envatoelements сайтынан алынды

«Ангела Меркелдин доору» тууралуу
Мен бул макалада «Ангела Меркелдин доору» тууралуу өзүмдүн ой-пикирим, байкоолорум жана анализдерим менен бөлүшөм. Бул теманын Кыргызстандагы жакынкы шайлоого түз байланышы болбосо да, Меркел айымды мүнөздөө менен мен бийликтеги адамды кыйын саясатчыга айланткан эң мыкты сапаттарды атаймын. Ангела Меркел Германиянын эң жогорку кызматына отурган алгачкы айым, эң жаш канцлер, мамлекетти туруктуу таризде абдан узак мөөнөттө башкарган саясатчы. Айтылуу Forbes журналы Ангела Меркелди катары менен он бир жолу «XXI кылымдагы дүйнөнүн эң таасирлүү лидери» деп атаган. Анын басып өткөн жолу – билимдүү диломаттын, иш билги менеджердин, прагматик башкаруучунун ийгилик тарыхы жана чыныгы лидерликтин үлгүсү. Андан тышкары аялзаты аздык кылган саясий аренада бул айымдын канчалык бийиктикке жете алгандыгы көп адамдарга демилге берет деген ойдомун.

Саясий карьерасы
Ангела Меркель саясатка Берлин дубалы кулап, ГДР менен ФРГ кайра бириккенден кийин Бундестагдын депутаты болуу менен келген. Ошол мезгилдеги канцлер Хелмут Коль Ангела Меркелди өкмөткө чакырып, аялдар жана жаштар иштери боюнча министр, бир нече жылдан кийин айлана-чөйрөнү коргоо министри кылып дайындаган. Канцлер тарабынан жасалган олуттуу мамиле үчүн Ангела Меркел көп жылдар бою «Кольдун кызы» аталып, бул имиджден ал Кольдун канцлердик мандатты тапшыруу менен Христиан Демократтар Партиясынын жетекчилигинен кеткенден кийин арылган. Ошол учурда ХДБ партиясы паракорлук жаңжалдын чордонунда калып, көп белгилүү консерватор саясатчылар кызматтарынан ылдыйлаган же четтетилген. Ангела Меркел «ак чыптамалуу» (нем. “weiße Westе”) саясатчы катары эки жылдай ХДБнын башкы катчысы, ал эми 2000-жылдан тартып, чатактан улам бөлүнүп-жарылып, чачырандыга учураган ири партияны жетектөө милдетин мойнуна алган.

Партиянын төрайымы
Партиянын төрайымы катары Меркел айым беш жылда бул партияны кайрадан иштей жана жоопкерчиликти ала ала тургандай кылып калыптандырган. Андан тышкары ал партиянын программасын жаңыртып, «гумандуулук, бардык муундарга адилеттүү мамиле жана социалдык системаны бекемдөө» сыяктуу баалулуктар аркылуу консервативдик багытты ортоңку позицияга алып келген. Аны менен Христиан Демократиялык Партия кайрадан «элдик партия» катары шайлоочулардын кеңири катмарына таяна баштаган. Меркел айым партиянын төрагалыгын 2018-жылы тапшырган. Коштошуу аземинде анын эбегейсиз зор эмгенин партия мүчөлөрү орундарынын туруп, туура беш мүнөткө созулган кол чабуу менен баса белгилешкен. Мындай сый-урмат (анг. “standing ovation”) немис саясатында сейрек кездешчү нерсе.

Канцлер айым
2002-жылы Меркел өзүн Германия Федеративдүү Республикасынын канцлеринин талапкерлигине көрсөткөн, бирок Бавариянын премьер-министри, Христиан Социалисттик Биримдигинин (CSU) лидери Эдмунд Штойберге жол берген. Бирок ал шайлоодо жеңишке ээ боло алган эмес. 2005-жылдын 18-сентябрында Бундестагда мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоонун соңунда ХДБ/ХСБ блогу жана Социалисттик партия чоң коалициялык келишимге кол коюшкан. Натыйжада Бундестагдын көпчүлүк добушу менен 51 жаштагы Ангела Меркел Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлери болуп шайланган. Ошондон бери ал бул кызматын катары менен үч жолу узарткан.

Ангела Меркелге карата мүнөздөмөлөр
Ангела Меркелди саясатчы катары «sachlich» (маңыздуу), «fleißig» (эмгекчил), «ausgeglichen» (сабырдуу), «diplomatisch» (ыкмалуу), «pragmatisch» (прагмативдүү), «schlau» (амалдуу) жана «uneitel» (менменсинбеген) бир катар мыкты сапаттар мүнөздөйт. Алардын ичинен «Ал менменсинүүдөн (ор. «тщеславие») алыс» (нем. “Sie ist nicht eitel”) деген сүйлөм ага карата абдан көп айтылат экен. Бир документалдуу тасмада Ангела Меркелди жылдар бою сүрөткө тартып келген фотограф Херлинде Көлбл «Менменсинбеген адамды мокото да, жаралай да албайсың» деп айтканы абдан таамай сөз деп эсептейм. Чынында эле Ангела Меркел ага кандай гана чабуул жасалбасын, эмне деген суроолор берилбесин, кандай түрдүү провокациялар, каршылыктар жана жагымсыз ыңгайлар жаралбасын, ал өзүнүн позициясынан, айта турган оюнан жазбайт, ашыкча актанып-мактанып, популизм менен алектенбей, өз ишин уланта берет. Анын мындай өзгөчө сабырдуу жана эмоциялык тең салмактуу мүнөзүнө чыдай албай, бир топ саясатчылар сөздөрүнөн жаңылып, этикалык нормаларды бузуп алышып, өздөрүнүн имидждерин өздөрү түшүрүп алышкан.

Дипломат
Ангела Меркелди эмне үчүн амалдуу дешет? Ал өзүнүн партиялаш атаандаштарын буга чейин өзүнүн системасына интеграциялап алганга жетишкен, аны менен макул болбогондор көп учурда өздөрүнүн кетирген каталары үчүн саясий аренадан четтөөгө мажбур болушкан. Бул тууралуу Меркелдин биографы, журналист Жаклин Бойсен: «Ал шахмат тактасындагы фигураларды эч ким ага коркунуч туудурбагандай кылып өзгөртөт», – деп жазат. Ал канцлер катары 2005-жылдан бери өкмөт курамын түзүүдө ХДБ Бундестагда бир канча ирээт тиешелүү көпчүлүк орунга ээ боло албагандыктан, башка оппозициялык партиялар менен «чоң коалиция» түзүүгө мажбур болгон. Сүйлөшүү-макулдашуулар канчалык кыйынчылыкка турбасын, Меркел айым аягында баарынын көңүлүн таап, ар түрдүү пикир келишпестиктерди жоё билген жана каршылаш партиялаштардын ичинде «мыкты дипломат» катары кадыр-баркка ээ болгон. Мындай абалдар дүйнөлүк саясатчылардын саммиттеринде да кайталанган жана алардын ар биринде Ангела Меркел (канцлер кызматында 100дөн ашуун саммитке катышкан экен) абдан тажрыйбалуу дипломат катары ийгиликтерге жетишкен.

Kөз карандысыз
Ангела Меркел өзүнүн позициясын ачык айткан эң көз карандысыз саясатчылардын бири. Муну анын саясий контрагенттери да моюнга алышат. Ал ар дайым башка өлкөлөрдөгү диктатордук режимдерге карата сын-пикирин билдирип, демократиялык өнүгүүнү жана адам укуктарынын сакталышын өзүнүн иш-аракеттери менен колдоп турат. Куугунтукка алынган азчылыктардын өкүлдөрүн жана оппозиционерлерди жолуктурууда ал эч кандай каршылыктарга баш ийбейт жана эл-аралык экономикалык мамилелерди начарлатып алуу коркунучуна дагы карабайт.

Феминист
Ангела Меркелден «аял саясатчылардын таламын талашса жана алардын жогорку позицияларда санын көбөйтсө» деген күтүүлөр жана анын көбүрөөк феминист болушун талап кылгандар болгон. Бирок Меркел айымдын саясатчылардын аял-эркек айырмачылыгына эмес жоопкерчиликти алуудагы артыкчылыгына карап колдоо көрсөткөнү маалым. 2017-жылдагы эл-аралык аялдар форумунда (Women20) ага «Сиз феминистсизби?» деген суроого, «Мен бул сөздүн айрым маанисинде феминист болсом керек, бирок өзүм бул идеология менен кооздолгум келбейт» ­– деп жооп берген. Туура төрт жылдан кийин бул суроо ага кайра узатылганда «Ооба, мен феминист экенмин» – деген. Эгерде «феминизм» деген термин аялзатынын өз потенциалын ачууда жана болгон жөндөмүн сынап көрүүдө бардык мүмкүнчүлүккө ээ болуп, чектөөлөргө жана тоскоолдуктарга дуушар болбосо, анда Ангела Меркел чыныгы феминист!

Прагматик
Германиянын канцлери легендарлуу прагматик катары да таанымал. Жаклин Бойсен мындай деген сүрөттөмө берет: «Ал цифраларга, илимий маалыматтарга жана фактыларга таянып, эксперттер менен терең ой-пикир алмашып, чечим чыгарат; Мындай учурда ал партиясынын идеологиялык принциптерин унутуп коюга даяр». Меркелдин Япониянын Фукусима АЭСиндеги авариядан кийинки Германиядагы атомдук станцияларын жабуу чечими анын прагматизминин эң белгилүү мисалы. Анын прагматикалык ой-жүгүртүүсү анын өзгөчө кырдаалды жөндөмдүү түрдө каршылай алгандыгы менен айкалышып кетет. 2008-жылдагы экономикалык кризисте канцлер Германиянын гана эмес Европа өлкөлөрдүн пайдасына чегерилген бир кыйла тобокелчик чечимдерди кабыл алган. Ушул сыяктуу Европа Уюмунун туруктуулугу үчүн жасаган кыйла иш-аракеттери үчүн Меркелди көп учурда иштин көзүн билген менеджер жана «евроканцлер» деп аташат.

«Ишке катуу, элге жакын»
Жергиликтүү массалык маалымат каражаты канцлер айымды «ишке катуу, элге жакын» (нем. “Hart am Arbeiten, aber nah den Menschen”) деп сүрөттөйт. Ангела Меркел чындыгында эле элге жакындыгы, жөнөкөйлүгү жана жупунулугу менен бааланат. Баарыбызга белгилүү болгондой, ал кызматтык үйдөн баш тартып, жолдошу экөө Берлиндин борбордук бөлүгүндө жайгашкан төрт бөлмөлүү ижаралык батирде жашайт. Ал эл катары өз каражатына эс алууга чыгат, күнүмдүк азык-түлүгүн өзү дүкөнгө барып алат жана курал жаракчан жан сакчыларга муктаж эмес.
Албетте Меркел айымдын жүргүзгөн саясатында кемчиликтер жок эмес. Маселен менин баамымда ал Германиядагы бюрократияны жөнөкөйлөтө жана чыгыш менен батыш Германиянын ортосундагы экономикалык, социалдык жана инфраструктуралык ажырымды жоё алган жок. Анын «качкындар саясаты» менин жеке колдоомо татыктуу, бирок Германиядагы социалдык системага сокку уруу менен бирге радикалдуу жана улутчул агымдарды күчөттү десек болот. Экономикалык алдыңкы өлкө болуу менен Германия санариптештирүү, автоматташтыруу жана телекоммуникациялоо тармактарында абдан аксап жатканы пандемия учурунда айкын болду. Бирок ага карабастан, Германия саясаты учурда Меркелге татыктуу мураскер же тагыраак айтканда анын «доорун» уланткан мыкты ишкерди жана сабырдуу саясатчыны эңсейт. А мен болсо санаалаштарым менен биргеликте Кыргызстандагы шайлоодо «жаңы доорду» баштай алган саясатчынынын бийликке келишин каалаймын.

Автор: Махабат САДЫРБЕК
Лингвист, эл аралык саясат таануучу, юридикалык антропология илимдеринин доктору, Халле шаарында Макс-Планк илимий изилдөө борборунда изилдөөчү

 

3 comments
  1. Эн сонун жазыптырсыз!
    Азаматсыз!
    Чон рахмат!

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

You May Also Like

Махабат Садырбек, активист: «Чырак» санариптик окутуу долбоору тууралуу

Караңгыда жарык берген чырак Учурда «Чырак» окутуу долбооруна катталуу жүрүп жатат. Бул…

Гапыр Мадаминов, мугалим: Куржундун бир жагына китеп, бир жагына кетмен салып иштедим

Билим баалуулугу түбөлүктүү 1990-жылдары Союз тарап, бардыгы эптеп турмуш өткөзүүнү ойлоп, мектеп…

Германиядагы орто кесиптик билим (Ausbildung)

Аусбилдуңга чейин Германияга жыл сайын жүздөгөн жаштар дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүнөн Au-pair,…

Германия кыргыз эмгек мигранттары үчүн альтернатива боло алабы?

Орус-Украин согушунун улам пайда болгон кырдаалда саясий аренада жана коомчулукта көп адамды…