Сүрөт envatoelements сайтынан алынды

«Au-pair» программасы өзгөчө Америка Кошмо Шаттарында жана Европа өлкөлөрүндө кеңири жайылган эмгек жана билим программасы. Au-pair (Ау-пэр) деген сөз француз тилинен которгондо  «тең» же тең укуктуу негизде» дегенди билдирет. Ау-пэрге окшош дагы «Demi-pair» деген дагы бар, анын иш сааты адаттагы жумуш саатынын жарымын түзөт. Аты айтып тургандай бул «Au-pair» программасынын башкы философиясы эки тараптын кызыкчылыктарына байланыштуу кызмат алмашууга негизделген. Жалпылап караганда чет тилин үйрөнүп жүргөн жаш адам менен ошол тил сүйлөнгөн өлкөдөгү бир үй-бүлө бири-бирине жардам беришет. Бириси жашаган жерге, тамак-ашка жана тил боюнча практикага муктаж болсо, экинчиси балдарды кароо менен үй кызматында жардамчыга муктаж. Ошондуктан келишимдин негизинде алар бири-биринин шарттарынан жана мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланышат. Стандарттуу иш убактысы күнүнө 5-6 сааттан болуп, жумасына 30-35 саатты түзөт. Эң башкы жумушка балдарды кароо, аларды бала-бакчага же мектепке алып баруу, алып келүү, алар менен ойноо жана үй-тапшырмаларына жана үй оокаттарына жардам берүү кирет. Жуманын аягында бир жарым күн эс алууга берилет. Адатта Ау-пэрлер аптанын ичиндеги иш убактысына чектелген саатынан башка убакта курстарга, спортко барышат же сейилге чыгышат. Ау-пэрлер үй-бүлө жактан бардык шарты менен өзүнчө бөлмө, тамак-аш, медициналык страховка, тил курсунун төлөмү, жүргүнчүлүк белет жана айлык чөнтөк акысы менен камсыз болушу абзел. Ау-пэр менен Ау-пэрлик ата-эне бири бирине жооптуу болот.

Кыргызстандык Ау-пэрлер
1998-жылдан баштап бул программага Кыргызстандын чет тилдер факультеттеринде окуган студенттер алты айдан бир жылга чейин немис жергесинде бекер жашап, тилин өздөштүрүп, эл-жерди көрүп, немис маданияты менен жакындан таанышып кетүү үчүн катыша башташкан. Программага катышуунун шарттарына студенттик статус, бир аз немис тилин билүү, балдар менен мамиле куруу жөндөмү жана үй кызматынан кабардар болуу кирет. Суроо-талапка жараша Ау-пэр программасынын талаптары дагы жылдан жылга жөнөкөйлөтүлүүдө. Мисалы мурун 24 жашка чейин чек коюлган болсо, ага дагы эки жыл кошулду, студенттик статус жоюлуп, А1 сертификаты менен эле келүү мүмкүн болуп калды. Ау-пэрге кандидаттар атайын агенстволор аркылуу тандалып, кийин үй-бүлө менен байланышка чыгышып, чакыруу алышат. Бул жерде өздөрү Ау-пэрликти бүтүп жеке түрдө ортомчулук кылган кыргызстандык жердештер да көп. Көптөгөн Ау-пэрлер учурда түз эле AuPairWorld же AuPair.com интернет сайттары аркылуу үй-бүлө издеп таап, алар менен онлайн байланышып, макулдашып, келишим алып калышты. Мунун оң жана терс таасирлери бар.
Ау-пэрлик программа Кыргызстандык жаштар үчүн бара-бара баштапкы маанисин өзгөртүп, Германиядагы жогорку окуу жайдан билим алуу үчүн (под-курс сыяктуу) даярдануу мүмкүнчүлүгүнө айланды. Азыркы кыргыз диаспорасынын басымдуу бөлүгү кезегинде Ау-пэр болуп, кийин орто кесиптик же жогорку билим алып, андан ары жумушка кирип, жашоосун тургузгандар. Германияда кыргыз Ау-пэр кыздарына суроо-талап абдан жогору десек жаңылышпайбыз. Анткени кыргыз тарбиясында кыздар үй жумушуна эрте аралашып, элпек, ийкемдүү, жоопкерчиликтүү келишет жана балдарга дагы камкор болушат. Немис жергесинде кыргыз Ау-пэр алган үй-бүлө жылдап кыргызстандан Ау-пэр алган учурлар абдан көп кездешет. Же болбосо алган Ау-пэрин окууга өткөрүп, статусу өзгөрсө да жылдар бою жардамчы катары үйүндө алып калган үй-бүлөлөр да жок эмес.

«Ау-пэр» программасы акча табууга багытталбайт
Айрымдар үчүн бул программа эмгек миграциясынын дагы бир түрүнө кирет десек жаңылышпайбыз, анткени кээ бир Ау-пэр болуп келген улан-кыздар 280 евролук чөнтөк акысы менен Кыргызстандагы ата-энесине жана бир туугандарына каралашышат. Бул чакан көлөмдөгү айлык негизинен Ау-пэрдин ары-бери басканы (музей, кино-театр, дискотека, саякаттоо) же майда-чүйдө оокат алуу үчүн каралган. Бул нерселер жергиликтүү элдин маданиятын, үрп-адатын, менталитетин таануу, өз чөйрөсүн куруу жана көңүл ачуу сыяктуу үчүн абдан маанилүү жана керектүү нерселер. Андан тышкары Ау-пэрлик жыл чектелүү. Адатта жогоруда айтып кеткендей, Ау-пэр бул Германияга келген кыргыз жаштарынын келечеги үчүн алгачкы баскыч. Бул мөөнөттө убакытты туура пайдаланып, тилди өздөштүрүп, керектүү сертификаттарды алып, немис системасын түшүнүп, өз алдынчалыкка даярданышы керек. Келген Ау-пэрлердин болжол менен ондон бири гана кайра мекенге кайтпаса, калганы немис жергесинде билим алууга умтулушат. Ошондуктан алар ыктыярчылык же орто кесиптик окуу программаларына өткөнгө же ЖОЖдун студенти катары жумуш тапканга чейинки мезгил үчүн бир аз каражат топтоп алуусу абзел. Андан тышкары үй-бүлө менен келише албай калган Ау-пэрлер башка үй-бүлө таап кеткенге чейин убактылуу бир жерде жашап турушу же учак белетин алып, үйүнө кайтышы керек. Ошол себептерден бардык мүмкүнчүлүктөрдү жана ресурстарды туура пайдалануу зарыл. Кызы же уулу бул программа менен Германияга кеткен ата-энелер муну Орусияга, Түркияга же Кореяга кеткен эмгек мигранты катары карабашы керек. Алар уул-кыздарынын чөнтөк акысын сурашы же талап кылышы алардын келечегине кедергесин тийгизе турганын билүүгө милдеттүү.

«Ау-пэр» программасы Европага жетүү мүмкүнчүлүгү катары
«Ау-пэр» программасы баштапкы маанисинен тайып, айрым учурда «эптеп эле», «иши-кылып» же «тобокелге салып» Европага келип алуу мүмкүнчүлүгү катары каралат экенин байкоого болот. Бул түшүнүк алдын ала бир топ маселелердин жаралышына өбөлгө түзөт. Эрежеге ылайык Ау-пэр визасы алгач үй айга берилет жана ошол мөөнөттүн ичинде үй-бүлөнүн колдоосу менен бир жылга узартылат. Аны узартып алгандан кийин башка жумушка кирип кетүү же өз алдынча жашап кетүү программанын талабына туура келбейт. Андан тышкары Ау-пэрлик статус жогоруда аты айтып тургандай үй-бүлө менен каршылаштык системага байланат. Ал өзү жашаган үй-бүлөдө каттоодо жана алардын жоопкерчилигинин алдында. Келишимди мөөнөтүнөн мурда токтотуп, ал системадан чыгуу менен канча бир мөөнөткө визасы болсо дагы Ау-пэр немис жергесинде туруу укугунан ажырайт. Бул шартта ал жеке сүйлөшүүлөр аркылуу жашаганга жер, иштегенге иш тапса дагы бул мыйзамсыз деп эсептелет. Германияда Италия же Грекия сыяктуу жарактуу визасы жок бир үйгө же жеке ишканага кирип алып, «депорт болгончо» билинбей акырын иштей берүү мүмкүнчүлүгү бир четинен жокко эсе, экинчи жагынан эки тарап үчүн өтө опурталдуу. Албетте Ау-пэрден FSJ/FÖJ, BFD же Ausbildung сыяктуу программаларга өтүп кетүү мүмкүнчүлүгү бар. Ага мыйзам дагы жол берет жана үй-бүлө буга бюрократиялык жактан тоскоолдук жарата албайт. Бирок «эптеп эле» Германияга жетип алып, FSJ ко же окууга өтүп кетем деген максат менен келгендик үй-бүлөгө карата кыянаттык катары кабыл алынышы толук мүмкүн. Анткени алар үчүн дагы бейтааныш чет элдик бирөөнү үйүнө кабыл алып, ага шарт түзүп берип, аны үй-бүлөлүк жашоо-тиричиликке ылайыкташтыруу (адаптация), ага үй-оокаты менен балдарын аманат кылуу дагы оңой нерсе эмес. Анын үстүнө немистер бардык жашоо, жумуш жана эс алуусун бир-эки жыл алдын ала пландашат. Келгенине 3-4 ай боло элек Ау-пэр өзүнө жол таап алууга укуктуу экенин түшүнүшсө дагы, келишимдин сакталышын жана жардамчылык милдет мөөнөтүнүн соңуна чейин аткарылышын каалашат. Алар үчүн кайра бир бейтааныш адамды алыстан тандап, аны чакырып, өздөрүнө көндүрүп, баарын башынан үйрөтүү дагы чоң машакат. Ошондуктан ушул негизде учурда абдан көп чыр-чатактар чыгууда.

Кыйынчылыктар жана көйгөйлөр
Башка үй-бүлөдө жашоо
«Ау-пэр» программасындагы өйдө-төмөндөрдүн жана кыйынчылыктардын тизмеси узун. Эң оор нерсе бул – бейтааныш бир үй-бүлөнүн үйүндө жашоо. Алыс кетпей өзүбүздүн эле өлкөдөгү нерселерди мисалга келтирсек. Айылдан шаарга окуганы же иштегени келип туугандарынын үйүндө турган студент өзүн кандай алып жүрүшү мүмкүн же жаңы келген келин бөтөн үй-бүлөдө өз ордун таап, өз позициясын бекемдегенге чейин кандай кыйынчылыктарды башынан өткөрөт? Бир тууганың болсо дагы бөлөк үй-бүлөнүн шарты, жашоо ритми жана адаттары башка. Ар бир үй-бүлө мүчөлөрүнүн өзүнө тиешелүү кулк-мүнөздөрү жана кыялдары бар. Анын баарына ылайыкташыш керек жана кенен-чонон басып, каалагандай жатып-туруш кыйын. Ау-пэрдин абалын болжол менен ушундай элестетип койсок болот. Андан дагы кыргыз Ау-пэр кыздары бир жагынан өзүбүздүн менталитетке ылайык, экинчи жагынан үй-бүлө менен жакшы ымалада болуш үчүн көргөн иштерин «жасап коё беришет». Бул көнүмүш адатка, кийинчерээк маселеге айланат. «Ау-пэр үй-бүлө мүчөсү катары кабыл алынат» деп айтылган, жазылган менен үй-бүлө мүчөлөрү менен жуурулушуп чын эле мүчө болуп кетиш абдан чейрек кездешүүчү нерсе. Ортодо кызганыч, ичи-тарлык, көрө албастык, үстөмдүк кылуу, бири-бирин жаманаттылоо, толук баш ийгендикти жана көз карандылыкты талап кылган ар түрлүү кылык-жорук жана жүрүм-турумдар болушу толук мүмкүн. Көп Ау-пэрлер бири-бири менен маалымат алмашып, өздөрүнүн иштеген сааттарын жана үй-бүлөлөрүн салыштырып дагы көп кыжаалат болушат. «Башка үй-бүлө жакшыраак» деген ойго көп жетеленишет. Бирок «Кайда барсаң Мамайдын көрү» дегендей идеалдуу Ау-пэрлик үй-бүлө жок.

Теңсиз позиция
Жумуш бергич менен жумушкер эч качан бири-бирине тең позицияда боло албаган сыяктуу эле, Ау-пэр үй ээсинин кол алдында иштеген адам катары көз карандылык мамиледе турат. Анын үстүнө бир үйдө жашаганда жеке тиричиликтин кайсынысы кимдин милдети жана кимдин милдети эмес экенин ажыратуу жана жумуш Ау-пэр үчүн качан башталып, качан бүтөөрүн аныктоо өтө кыйын. Үй оокаттары жасалып, балдары каралчу үй ээлери турган жардамчынын кызматын ар кандай убакта жана ар кандай түрдө пайдаланышы мүмкүн. Жумуш сааты бүткөн күндө дагы, үйдө бүтпөгөн иштер калса, үй ээлери Ау-пэрди жардамга чакырса же өздөрү үй оокатын жасап жүрсө, Ау-пэр үчүн бекинип отуруп алуу, жатып алуу же сыртка чыгып кетүү оор келет. Бул ортодогу мамилеге зыян келтириши мүмкүн. Албетте Ау-пэрлик келишимде иштөө сааттары жана жумуштар аныкталат. Бирок көп нерсе жеке сүйлөшүү менен макулдашуулардын негизинде ишке ашат. Ау-пэр тиешелүү саатынан ашып иштеп жаткан болсо, үй-бүлөлөр аны көңүлгө алып, бир аз акча кошуп беришип, белек тартуу кылышып же эс алуу убактысын узартып бериши мүмкүн. Бирок бул нерселер адамдардын абийиринен, мыйзамды сыйлаганынан, эмгекти баалай билгендигинен жана ортодогу мамилени (гармонияны) сактагысы келген каалоосунан көз каранды. Беш кол тең эмес дегендей, Ау-пэрдин көз каранды абалы айрым адамдар тарабынан билип-билбей кыянаттык менен пайдаланышы мүмкүн. Бул албетте келишпестиктерди жана нааразычылыктарды пайда кылат.

Culture Clash
Адамдардын кулк-мүнөзү жана ар кандай сапаттары ар түрлүү түшүнбөстүктөрдү жаратышы баарыбызга белгилүү. Буга эки башка менталитет, ар кандай жүрүм-турум, адаттар, үй тиричиликти жүргүзүү ыкмалары жана тил менен маданияттын айырмасы дагы кошулат. Немистер балдарды кыргыздардан башкача тарбиялашат, башкача тамактанышат, убакытты башкача колдонушат жана адамдар менен түзгөн дагы мамилелери башка. Алардан тышкары эки тараптын тең өз кызыкчылыктары жана пландары бар. Эгерде кыргыз Ау-пэрдин ой-санаасы ата-энесине акча жөнөтүү, Ау-пэрлик программасы бүткөнгө чейин башка бир жерден орун алуу же ашыкча кыялдарга жетеленип келип алган болсо, үй-бүлөнүн каалоосу бир жылда жакшы жардам алып калуу, балдарына жакшы дос табуу ж.б. Немис үй-бүлөлөрдүн арасында Кыргызстандын менталитетин жана адамдардын көйгөйүн түшүнүп-билгендер аз болушу мүмкүн. Айрымдары Ау-пэрдин ой-максаттарына түшүнбөстүк менен мамиле кылышы, анын жеке иштерине орой ой-пикир айтышы мүмкүн. Айтор, Ау-пэр болчу адам эң башкысы жеткиликтүү деңгээлде тилди билип, немистердин менталитетинен жана маданиятынан кабардар болушу керек. Оюн ачык билдирип, талаш маселеде өзүнүн оюн айта алганды жана өз кызыкчылыгын коргой алуусу дагы абзел. Ошону менен бирге өз укук-милдеттерин таанып-билип, ар кандай кырдаалга даяр болууну эстен чыгарышпаса.

Жардам берчү агенттер
Германия мыйзам күчтүү жана адам укуктары сакталган өлкө. Бирок жеке үй ичинде көпчүлүк учурда укук бузуу кайсыл учурда жана качан болгонун аныкташ кыйын. Ич-ара пикир келишпестик, түшүнбөстүк же жеңил кайым айтышуулар албетте күнүмдүк жашоодо болбой койбойт. Ошондуктан муну ачык сүйлөшүү, маселелерге чогуу жооп табуу же башка адамдар менен кеңешүү аркылуу алдын алуу зарыл. Болбосо убагында чечилбеген майда-барат маселелер чоң чыр-чатакка айланып, ар кандай укук бузууларга алып келиши мүмкүн. Анык укук бузууларга жоопкерчиликтен же макулдашуулардан тайуу, келишимди бузуу, калп айтуу, тилди жакшы билбеген үчүн же бир нерселерди түшүнбөгөн үчүн басмырлоо, «депорт», «адвокат» же «полиция» менен коркутуп-үркүтүү, кол көтөрүү, психологиялык жактан басым жасоо, үйдөн чыгарып салуу же өздүк документтерди тартып алуу кирет. Тилекке каршы акыркы учурда мындай көрүнүштөр көп болууда. Социалдык баракчаларда жардам сурап кайрылган Ау-пэрлердин саны күн сайын өсүүдө. Аларга Ау-пэр агентстволору же Германиядагы кыргыз диаспорасынын ичинде мурун Ау-пэр болгон бир топ тажрыйбалуу активисттер колдоо көрсөтүп келишет. BIZ уюмунун алкагында бир жылдан бери Au-Pair ментордук долбоору иштеп жатат. Долбоордун жетекчилери Ау-пэрлерге моралдык жактан колдоо көрсөтө алышат, медиатор катары ортодогу түшүнбөстүктөрдү жойгонго аракет кылышат же үй-бүлө которгонго дагы көмөк көрсөтүшөт. Германиядагы кыргыз элчилиги менен консулдук кызматтар Ау-пэрди үйдөн кубалоо же документин тартып алуу сыяктуу кылмыш иштери белгилүү болгон учурда жергиликтүү укук тутумдары менен биргеликте иш алып барышат.

Жыйынтык сөз
Жалпылап айтканда, «Ау-пэр» программасы ар кандай кыйынчылыктарга байланган, өйдө-төмөнү, оң жана терс жактары бар концепт. Буга моралдык, психологиялык жана маалыматтык даярдык керек. Германиядагы коомдун өзүнүн динамикасы, элдердин өздөрүнө тиешелүү маданияты жана салты, жеке үй-бүлөлөрдүн өзүнчө жашоо шарттары, эрежелери жана тиричиликтери бар. Эгерде үй-бүлө менен мамиле түзө билип, өз жоопкерчилигин туура түшүнүп, милдетин так аткарып, өз укугун коргой билген адамга «Ау-пэр» программасы чет жерден сапаттуу билим алып, дүйнө таанымын тереңдетип, келечектеги жашоосун өзгөртүүгө жакшы мүмкүнчүлүк. Чала түшүнүк, ашыкча жана реалдуу эмес үмүт-кыялдар, күтүлбөгөн окуялар, айрым адамдар албетте бул мүмкүнчүлүктү чектеп коюшу мүмкүн.

Авторлор: Махабат САДЫРБЕК, Касиет АСЕКОВА жана Каухар ТАЙИЕВА

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

You May Also Like

Махабат Садырбек, активист: «Чырак» санариптик окутуу долбоору тууралуу

Караңгыда жарык берген чырак Учурда «Чырак» окутуу долбооруна катталуу жүрүп жатат. Бул…

Гапыр Мадаминов, мугалим: Куржундун бир жагына китеп, бир жагына кетмен салып иштедим

Билим баалуулугу түбөлүктүү 1990-жылдары Союз тарап, бардыгы эптеп турмуш өткөзүүнү ойлоп, мектеп…

Германиядагы орто кесиптик билим (Ausbildung)

Аусбилдуңга чейин Германияга жыл сайын жүздөгөн жаштар дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүнөн Au-pair,…

Германия кыргыз эмгек мигранттары үчүн альтернатива боло алабы?

Орус-Украин согушунун улам пайда болгон кырдаалда саясий аренада жана коомчулукта көп адамды…